Эрдоган: «Кудус темасында турган жерибизден эч качан баш тартпайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Мавританиянын президенти Мухаммед Велед Абдулазиз менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

920581
Эрдоган: «Кудус темасында турган жерибизден эч качан баш тартпайбыз»
erdogan moritanya.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Кудус темасында турган жерибизден эч качан баш тартпайбыз»,-деди.

Эрдоган расмий сапар менен барган Мавританияда президенттик сарайында кесиптеши Мухаммед Велед Абдүлазиз тарабынан урматына берилегн тамакка катышты.

Андан соң президент Эрдоган, Батыш Африка турунун үчүнчү аялдамасы Сенегалга аттанаар алдында Новакшот аэропортунда кесиптеши Мухаммед Велед Абдулазиз менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Түркия менен Мавританиянын ортосунда «win-win» карым-катнашынын негиздерине жараша чогуу иштөө түзүлө турганын баса белгилеген Эрдоган, өзгөчө да түрк жеке менчик секторунун инвестицияларын арттырышы үчүн шыктандыргандарын маалымдады.

Эрдоган, декбарь айында экономика министри Нихат Зейбекчинин ишкерлер менен Мавританияга барганын эске салып, бүгүн да өзү менен өлкөгө келген түрк ишкерлеринин мавританиялык иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен биргелешкен жыйналыш өткөргөндөрүн түшүндүрдү.

Акыркы убакта өзгөчө балыкчылык тармагында жандануу көрүнгөнүн айткан президент Эрдоган: «Дагы деле 40тан ашык балыкчы кемебиз Мавританияда иш алпарууда. Мавританиянын кенчилик тармагында абдан маанилүү потенциалды камтыганын билемин. Биздин да Түркия катары бул тармакта олуттуу тажрыйбаларыбыз бар. Буюрса буларды мавританиялык туугандарыбыздын да тейлөөсүнө сунуштагыбыз келет. Алдыбыздагы мезгилде Кошмо экономикалык комиссиянын алгачкы жыйналышын өткөрөбүз. Бүгүн эки өлкөнүн ортосунда туризмден айыл-чарбага, экономикадан кен иштетүүгө чейин ар башка келишим жана протоколдорго кол коюлду. Бул баскычтар учурдагы карым-катнаштарыбызга өзгөчө бир күч кошот»,-деп айтты.

Эрдоган, экономикалык карым-катнаштардын келип жеткен баскычынын башка бир көрсөткүчүнүн да Түрк аба жолдурунун (THY) Новакшот каттамдары болгонуна көңүл бурду.

Коргоо өнөр жайы тармагында да тажрыйбаларын мавританиялыктар менен бөлүшүүнү каалагандарын айткан Эрдоган: «Түркия ушул жагынан алганда акыркы жылдарда абдан олуттуу иштерди аткарды. Жээк тилкесиндеги өлкөлөр туш болушкан террор коркунучтарын эң жакшы түшүнгөн өлкөлөрдүн башында эч шексиз Түркия турат. Урматтуу президенттин да демилгеси менен түзүлгөн G5  Жээк боюнча өнөктөш күчүнө 5 миллион доллардык салым кошо турганыбызды өткөн аптада жарыяладык»,-деп айтты.

Түркиянын 2016-жылы 15-июлда Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) мыкаачылык төңкөрүш аракетине туш болгонун эске салган Эрдоган: «15-Июль, биз үчүн бир эле убакта чыныгы досторубуз да белгиленген түн болуп саналат. Мен урматтуу президентке өлкөбүзгө көрсөткөн колдошуусунан улам кайрадан ырахматымды айтамын. Айрыкча Мавритания органдарына ФЕТӨ менен күрөшүүдө бизге көрсөткөн колдоосу үчүн да ырахмат айтамын»,-деген серебин салды.

Эрдоган: «Мавританиядагы ФЕТӨ мектептери Маариф фондубузга өткөрүлдү. Фондубуздун Мавританияда пайдалуу кызматтарды Мавританиянын Улуттук билим берүү министрлиги менен биргелешип алып бара турганына эч шегим жок»,-деди.

Сөзүндө Кудустун да маанисине көңүл бурган Эрдоган, бул шаардын бир эле убакта христиан дүйнөсү үчүн маанилүү бир жер болгонун эске салды.

Президент Эрдоган: «Американын Кудусту өзү үчүн элчилик катары жарыялашынын бизге эч кандай юридикалык таасири жок. Кудус темасында турган жерибизден эч качан баш тартпайбыз. Кудус Палестинанын борбор шаары болуп саналат. Муну да жарыяладык»,-деп айтты.

Батыш Африка турунун алкагында экинчи аялдамасы болгон Мавританиядагы жолугушууларын бүтүргөн Эрдоган, сапарынын үчүнчү аялдамасы Сенегалга аттанды.



Тектеш кабарлар