Түркия менен АКШнын техникалык комитетинин жыйналышы өтөт

Үч техникалык комитеттен биринчисинин жыйналышы 8-9-март күндөрүндө АКШда өтөт.

919768
Түркия менен АКШнын техникалык комитетинин жыйналышы өтөт

Түркия менен АКШнын ортосунда Фетуллахчы террор уюму менен (ФЕТӨ) күрөшүү, Ирак жана Сирия баш болгон бир топ темада чечүүчү жол табылышы максатында түзүлгөн үч техникалык комитеттен биринчисинин жыйналышы 8-9-март күндөрүндө АКШда өтөт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсондун 15-16-февралдагы Анкара сапарында эки тараптуу карым-катнаштардын нормалдашуусуна салым кошуусу максатында Сирия, ФЕТӨ жана Ирак маселелери боюнча 3 комитет түзүлүүсүнүн чечими чыгарылды.

Террор менен күрөшүү маселелери басымдуу карала турган комитеттерден Сирия делосун караган делегациялар, 8-9-март күндөрүндө Вашингтондо алгачкы жыйналышын өткөрөт. Сирия комитетинин алдыңкы күн тартиби, Түркиянын Евфрат дарыясынын батышындагы Менбич районун жикчил террор уюму ПЙД/ПККдан тазалоо талабы болот. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, карым-катнаштарды нормалдаштыруу аракеттеринде Менбич маселесинин алдыңкы орунда турганын баса белгиледи.

Тараптар калган комитеттердин жыйналыш күндөрүн азырынча такташтыра элек.



Тектеш кабарлар