Эрдоган-Рамапоса сүйлөшүүсү
Эрдоган кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү.
919695
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түштүк Африка Республикасынын Президенти Матамела Сирил Рамапоса менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктен маалымдалгандай телефон сүйлөшүүсүндө Эрдоган менен Рамапоса, эки тараптуу карым-катнаштарды бардык тармакта өнүктүрүүнү каалагандарын белгилешти.
Президент Эрдоган африкалык кесиптешин президент болуп шайланышы жана кабинеттин жаңыланышынан улам куттуктады.
Сүйлөшүүдө Түштүк Африкага расмий сапар жасалып жана бетме-бет жолугушуу мүмкүнчүлүгү табылса жакшы болоору сөз кылынды.