Түркия Чехияга каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү.

919507
Түркия Чехияга каршылык көрсөттү

Түркия жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын Сириядагы уландысы ПЙД-ЙПГнин корбашчыларынан Салих Мүслимдин Чех соту тарабынан эркин кое берилишине каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин темага байланыштуу билдирүсүндө: «Жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын Сириядагы уландысы ПЙД-ЙПГнин корбашчыларынан Салих Мүслимге байланыштуу убактылуу камакка алуу талабыбыз Чех соту тарабынан четке кагылышы Чех сотунун эл аралык укук жана терроризмге каршы күрөшүү темасындагы жоопкерчиликтерине карама каршы келүүдө»,-делди.

Билдирүүдө: «ПЙД, Чех Республикасы да мүчөсү болгон Европа Биримдиги террордук уюм деп жарыялаган ПККнын Сириядагы уландысы болуп саналат. Чех соту Салих Мүслимди камакка алуунун ордуна эркин кое берүү чечимин чыгарып, ондогон күнөөсүз адамдын террордук кол салууларда каза болушун жана ондогон үй-бүлөнүн кайгысын тоготпогонун көрсөттү»,-деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар