Министрлер Чехияга каршы чыгышты

ПЙД – ЙПГнин кор башыларынан Салих Мүслим Чехия соту тарабынан эркин койо берилди.

919474
Министрлер Чехияга каршы чыгышты

 Вице  - премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг ПКК жикчил террордук уюмдун Сириядагы уландысы ПЙД – ЙПГнин кор башыларынан Салих Мүслимдин  Чехия соту тарабынан эркин койо берилишинин эл аралык мыйзамга тескери экендигин билдирди.

Борбор шаар Анкарада журналисттерге маалымат берген Бекир Боздаг  чечимдин террор менен күрөшүү тууралуу ортого салынган орток эркке тескери экендигин айтты.

Боздаг : «Бул чечим Түркия  - Чехия карым  - катнаштарына тескери таасир бере турган чечим. Реалдуу чечимге карайбыз бирок бир террордук уюмдун ичинде иш алып барган бир террор башчысы эркин койо берилди. Бүткүл дүйнө жана Чехия да билет, ПЙД, ПКК менен ДЕАШ сыяктуу бардык уюмдар террордук уюмдар; бул чечим террорго так түрдө колдоо берген чечим»,- деди.

Чехия сотунун чечиминин мыйзам менен түшүндүрүлө албай турганчалык так саясий чечим. Түркияга каршы жасалган террордук кыймылдарга колдоо чечими экендигин баса белгилеген Боздаг : «Биз үчүн таң калтыруучу чечим эмес. Мыйзамга баш ийген болгондо тапшыруу үчүн убактылуу камоого алынышына чечим чыгарылмак. Мыйзам бар бирок мыйзамга баш ийген жок»,- деди.

Вице  - премьер Хакан Чавушоглу да Чехиянын бул чечиминин  мыйзамды тебелеген чыр – чатактуу чечим экендигин белгиледи. Чавушоглу : «Түркиянын жиберген досьелерине көңүл бурулбастан чыгарылган чечим экендигин ойлоп жатам»,- деди. Адилеттик министри Абдулхамит Гүл болсо чечим тууралуу : «Камоо чечими чыгышы керек эле. Бирок саясий негиздер менен камоо чечими чыккан жок. Бул маселени изилдейбиз, эч качан кабыл алынбайт. Мыйзамдуу эмес жана террор менен күрөшүү деген мааниде да кабыл алынбайт»,- деп баа берди.

Министрликтердин негизинде жаңылыштыкты оңдоодо керектүү демилгелердин жасалып жаткандыгын баса белгилеген Гүл : «Кесиптештерибизден бул жаңылыштыкты оңдоолорун күтөбүз. Эл аралык криминал полиция уюму Интерпол Түркиянын кээ бир талаптарына көңүл бурбай жатат. Бул жагдай саясий бир маселе эмес»,- деди.

 



Тектеш кабарлар