Түркия БУУнун Сирия боюнча токтомун толук колдойт

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Түркиянын БУУнун коопсуздук кеңешинин Сирияда «гуманитардык ок атышпоо» токтомун чыгарышын ыраазы болуп кабыл алганын билдирди.

917636
Түркия БУУнун Сирия боюнча токтомун толук колдойт

Түркия, БУУнун коопсуздук кеңешинин Сирияда «гуманитардык ок атышпоо» токтомун чыгарышын ыраазы болуп кабыл алганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, жазуу түрүндөгү жарыясында БУУнун коопсуздук кеңешинде кабыл алынган Чыгыш Гута башында турган Сирияда начарлап кеткен адамзат абалына шашылыш гуманитардык жардамдардын жеткирилишине жана медициналык максаттуу эвакуацияларга мүмкүнчүлүк берилиши максатында ок атышуулардын кечиктирилбестен токтотулушун жана эң аз 30 күн «гуманитардык ок атышпоо» талабын койгон токтомду ыраазы болуп кабыл алгандарын белгиледи.

Түркиянын Сирияда ок атышпоонун камсыздалышы, ок атышуулардын токтотулушу жана чыңалуунун азайтылышы темасында башынан бери ар бир платформада аракет кылганын жана эл аралык коомчулуктун бул багыттагы кадамдарын колдогондорун баса белгилеген Аксой, Түркиянын Идлибде ушул убакка дейре курган 6 байкоочу пунктунун, аракеттердин так белгиси экенине көңүл бурду.

Аксой, Түркиянын Чыгыш Гутада режимдин улам күчөгөн укук бузууларынан жана жарандарга карай ишке ашырган курчоо алып келген начарлаган адамзат абалына санааркаганын тийиштүү билдирүүлөрүндө айтканын жана бул бузуулардын соңуна чыгарылуусу чакырыгын салганын эске салып, «Бул темадагы санааркоолорубузду, режимдин кепилдиги абалындагы Орусия жана Иранга да билдирип, режимдин жарандарга карай кол салууларынын жана ок атышпоону бузууларынын чыңалууну азайтуу аймактарындагы биргелешкен аракеттерибизди үзгүлтүккө учуратканына көңүл бурганбыз»,-деп жазды.

Үзгүлтүксүз гуманитардык жардам жеткирилишинин камсыздалышынын эл аралык укуктун талабы болгонун баса белгилеген Аксой: «Ачкачылыкка камоонун жаран калкка карай курал катары колдонулушу кабыл алынгыс. Кечээки токтомдо да шилтеме кылынган 2268 номердүү БУУнун коопсуздук кеңешинин токтомунун толук түрдө ишке ашырылышы чакырыгын толук колдойбуз.  Түркия, ушул убакка дейре болгону сыяктуу мындан кийин да бир жагынан адамзат планында Сирия калкынын тарткан азаптарынын азайтылышына карай салымдарын кошуусун жана ушуга ылайык БУУ башында турган эл аралык коомчулуктун аракеттерин колдоосун улантат, экинчи тараптан Сириядагы адамзат кризисинин тамырында жаткан араздашуунун соңуна чыгарылышына жана Сириянын жеринин бүтүндүгү менен саясий биримдигин коркунучка салган террор уюмдары менен күрөшүлүшүнө карай аракетерин улантат»,-деди.



Тектеш кабарлар