Түркиянын тарыхында ыпылас иштер болгон эмес, жалаа жаап жатышат

Вице-премьер Бекир Боздагдын социалдык медиа каражаты Твиттердеги бөлүшүүсү.

917119
Түркиянын тарыхында ыпылас иштер болгон эмес, жалаа жаап жатышат

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, түрк тарыхынын эч бир мезгилинде тукум курут кылуу кылмышы, күнөөсү жана уяткара турган эч нерсеси болбогонун айтты.

Вице-премьер Бекир Боздаг, социалдык медиа каражаты Твиттердеги бөлүшүүсүндө, Нидерландиянын Өкүлдөр палатасынын 1915-жылдагы окуяларды геноцид деп кабыл алган чечимин «жалаа жабуу» деп мүнөздөп, «Түркия үчүн жокко эсе»,-деди.

Боздагдын бөлүшүүсү мындай: «Түрк тарыхынын эч бир мезгилинде тукум курут кылуу кылмышы, күнөөсү жана уяткара турган эч нерсеси болгон эмес. Тарыхый каттоолор жана архив документтери бул акыйкаттыктын күбөсү. Тарых, архив каттоолору жана акыйкаттык, парламенттин чечимдери менен эч качан алмаштырылбайт».



Тектеш кабарлар