«Зайтун бутагы» операциясы уланып жатат

Операция башталгандан бери жок кылынган террористтердин саны 1 миң 829га жетти.

915699
«Зайтун бутагы» операциясы уланып жатат

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагында улантылып жаткан «Зайтун бутагы» операциясында жок кылынган террористтердин саны 1829га жетти.

Башкы штабдын төрагалыгынын билдирүүсүндө, 20-январда башталган «Зайтун бутагы» операциясынын алкагында бүгүн кургактыктан жана абадан операциялардын негизинде террордук уюмдар ПКК/КЖК/ЙПГ жана ДЕАШка мүчө дагы 49 террористтин жок кылынганы белгиленди.

Ушундайча операция башталгандан бери жок кылынган террористтердин саны 1 миң 829га жетти.

Бир тараптан Түрк куралдуу күчтөрү менен Эркин Сирия армиясы, Африндин түштүк-батышындагы Жиндерес аймагына караштуу Телл Дилур айылы, түндүгүндөгү Микдад, Али Ражу жана батышындагы Сары Ушагы, Рахманлы айылдарын террористтерден куткарышты.

Түрк куралдуу күчтөрү менен операцияларга колдоо көрсөткөн Эркин Сирия армиясынын күчтөрү, операция башталган 20-январдан бери ПЙД/ПККнын басып алуусундагы Африндин 5 аймагында бирөө аймактын борбору, 68и айыл, 6сы кыштак жана 20сы стратегиялык тоо же дөбө болуп жалпы 92 жерди уюмдан куткарган болду.



Тектеш кабарлар