Террорго каршы күрөш аягына чейин уланат

Түркиянын чек араларында террордук коридор түзүлүүсүнө эч качан уруксат берилбейт.

914920
Террорго каршы күрөш аягына чейин уланат

Өнүгүү министри Лүтфи Элван, Түркиянын чек араларында террордук коридор түзүлүүсүнө эч качан уруксат бербей турганын айтты.

Мерсинде "Адилеттик жана өнүгүү" партиясы тарабынан уюштурулган иш-чарада сөз сүйлөгөн Лүтфи Элван: «Ар түрдүү террордук уюмдарга каршы күрөшүүбүздү аягына чейин улантабыз»,-деди.

Элван Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагындагы «Зайтун бутагы» операциясынын ийгиликтүү аяктай турганын жана аймакта жашаган сириялыктардын өз жерлерине кайта тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар