Эрдоган: «Анткени биз бар жерде ишеним бар, коопсуздук бар, адилеттик бар»

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Межлисиндеги фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

914420
Эрдоган: «Анткени биз бар жерде ишеним бар, коопсуздук бар, адилеттик бар»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия орун алган эч бир жерде зулумдук, кысым, коркутуу жана азап болбой турганын айтты.

Президент, «Анткени биз бар жерде ишеним бар, коопсуздук бар, адилеттик бар»,-деди.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Таййип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Межлисиндеги фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө Сириянын Африн аймагында уланган «Зайтун бутагы» кыймылынын алкагында 32 жоокер шейит болгонун жана 1715 террористтин жок кылынганынын маалыматын бөлүшкөн Эрдоган, кыймылдын коопсуздук күчтөрүнүн өмүрүн коркунучка салбоо жана жарандарга зыян тийгизбөө үчүн аяр мамиледен улам акырын жылып баратканын айтты.

Эрдоган: «Бул чындыкты эч ким унутпашы керек. Биз ал жерге алдыбызга чыкканды кулатып кыйратыш үчүн келген жокпуз. Биз ал жерге дагы деле өлкөбүздө жашаган жүз миңдеген сириялык үчүн коопсуз жана жашаса боло турган аймак камсыздаш үчүн кирдик. Түркия орун алган эч бир жерде зулумдук, кысым, коркутуу жана азап болбойт. Анткени биз бар жерде ишеним бар, коопсуздук бар, адилеттик бар»,-деп айтты.

Эрдоган буларды айтты: «Түркия, аскердик операцияларды дайыма эң акыркы ыктымалдуулук катары, кудум эле мажбур себеп катары көргөн жана колдонгон. Көп жылдар бою Сириядагы террордук уюмдардан, өлкөбүзгө багытталган коркунучтардын ал өлкөнүн өзүнүн динамикалары жана эл аралык коалициянын күчү менен чара көрүлүшүн күттүк. Карап көрсөк бул коркунучтар азайышынын ордуна тынымсыз артууда жана чек араларыбыздан ашып, территориябыздын ичине зыян тийгизүүдө. Эми кыймылга өтүүдөн башка чара жок, арга жок».

Түркиянын болушунан бир гана террор уюмдары жана аларды колдогон күчтөрдүн тынчы кеткенин белгилеген Эрдоган, аймак калкынын Түркия тууралуу кымындай да кыйынчылыгынын, маселесинин, каршы чыгуусунун жок экенин баса белгиледи.

АКШга шилтеме кылып, «террор уюмдарына курал бербейбиз» дегендер айтымдарын, көрсөтүлгөн документтерге карабастан, бети кызарбастан уланткандарын көргөнү үчүн капа болгондорун айткан президент: «Биз, бардык видео каттоолору менен кошо бул белгилөөлөрүбүздү аларга бир-бирден көрсөттүк. Булар кимдин аскери? Булар батыштан келди. Булар сириялык эмес. Булар биздин аскерибиз эмес. Булар мына сиздин аскерлериңиз, кара сиздин байрагыңыз, сиздин кокарттарыңыз. Дагы деле «жок» десеңиз. Мына кара сиздин зооттолгон унааңыз, сиздин танкаларыңыз, замбиректериңиз. Булар бул жерге 5 миң фура менен ташылды, 2 миң жүк ташуучу учак менен келди. Эми бул жерде булар кимге каршы колдонулууда?»-деп сурады.

Эрдоган, Түркиянын диалог жолдорун ачык кармаганын жана тийиштүү кишилер менен сүйлөшүүлөр уланганын белгилеп, аймактык абалынан улам абдан көп багыттуу саясаттарды өнүктүрүшү керектигин айтты.



Тектеш кабарлар