Дагы 6 айыл террористтерден куткарылды

Операциянын алкагында жок кылынган террористтердин саны 1 миң 641ге жетти.

913155
Дагы 6 айыл террористтерден куткарылды

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Африн аймагына жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» операциясынын алкагында дагы 6 айыл террористтерден куткарылды.

Түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия армиясы, Африндин батышындагы Ражу аймагына караштуу Жогорку Хажыканлы, Төмөнкү Хажыканлы жана Дервиш Обасы айылдары менен Икидам, Шелтах, Мерсева айылдарын жикчил террордук уюм ПЙД/ПККдан куткарышты.

Операциянын алкагында жок кылынган террористтердин саны болсо 1 миң 641ге жетти.

Түрк куралдуу күчтөрү менен операцияларга колдоо көрсөткөн Эркин Сирия армиясынын күчтөрү, операция башталган 20-январдан бери ПЙД/ПККнын басып алуусундагы Африндин 5 аймагында бирөө аймактын борбору, 50сү айыл, 3ү кыштак жана 17си стратегиялык тоо же дөбө болуп жалпы 71 жерди уюмдан куткарган болду.

Бул учурда Эркин Сирия армиясы, Жогорку Хажыканлы айылындагы издөөлөрдө 1 аял террористти тирүү кармады.

Операциянын алкагында Дармык тоосунда террордук уюм ПЙД/ПККге таандык баш калкалоочу жайлар аныкталды.



Тектеш кабарлар