Аймактагы акыркы террорист жок кылынганга дейре күрөш уланат

Аймактагы акрыкы террорист жок кылынганга дейре күрөш уланат

913826
Аймактагы акыркы террорист жок кылынганга дейре күрөш уланат

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, Сирияда режим күчтөрүнүн жикчил террор уюму ПККнын бул жердеги уландысы ЙПГны (YPG) коргош үчүн Афринге киришинин апаатка алып бара турганын айтты.

Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат берген Боздаг, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагында жүргүзгөн «Зайтун бутагы» кыймылынын пландалганы сыяктуу уланганын билдирди.

«Түркия чечкиндүү, артка кайтуу мүмкүн эмес, болбойт дагы» деген Боздаг, режим күчтөрүнүн Афринге кире турганынын кабарынын чындыкка жатпаганын белгиледи.

Боздаг: «Коопсуздук булактарыбыздын берген маалыматына караганда да Сирия органдарынын коопсуздук күчүн жибериши мүмкүн эмес. Режимдин ЙПГны коргоо үчүн Афринге кириши апаатка алып барат»,-деди.

«Зайтун бутагы» кыймылында жок кылынган террорист санынын 1651ге жеткенин билдирген Боздаг, аймактагы акрыкы террорист жок кылынганга дейре бул күрөштүн чечкиндүү түрдө улана турганын баса белгиледи.

Бекир Боздаг, АКШ менен Менбич темасындагы сүйлөшүүлөр туурасында да АКШ менен түзүлө турган механизмде маселер карала турганын белгилеп, «Түркия ал жерден (Менбич) террористтердин тазаланышы боюнча чечкиндүү. АКШ, ал жерден ЙПГны чыгарып кетпесе акыркы сөздү биз айтабыз. Кааларыбыз кыймыл болбостон диалог жолу менен чечилиши»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Бекир Боздаг

Тектеш кабарлар