Афринде түрк аскерин эч ким токтото албайт...

Мевлүт Чавушоглу, расмий сапар менен барган Иорданиянын борбор шаары Амманда кесиптеши Эймен эс-Сафеди менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

913581
Афринде түрк аскерин эч ким токтото албайт...

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Сирия режимине караштуу бөлүктөрдүн Афринге жикчил террор уюму ПКК/ПЙД/ЙПГ элементтерин коргош үчүн кирген учурунда Түркияны эч ким токтото албай турганын айтты.

Мевлүт Чавушоглу, расмий сапар менен барган Иорданиянын борбор шаары Амманда кесиптеши Эймен эс-Сафеди менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Министр Чавушоглу, Сирия режимине караштуу күчтөрдүн Афринге кирүүгө даярданып жатканы жөнүндөгү кабарлар үчүн, «Сирия ЙПГны тазалаш үчүн кирип жатса маселе жок, бирок ЙПГны коргош үчүн кирип жатса Түркияны эч ким токтото албайт»,-деп айтты.

Чавушоглу, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагында  ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылуу, дос жана тууган аймак калкын кысым жана зулумдуктан куткаруу үчүн 20-январда баштаган «Зайтун бутагы» кыймылынын максатынын террористтерди бул аймактан тазалоо болгонун айтты.

Түркиянын ар дайым Сириянын жеринин бүтүндүгүнө маани бергенин айтканын баса белгилеген Чавушоглу: «Режим бул жерге (Афринге) киреби кирбейби, кирсе эмне үчүн кирет ошол маанилүү. Эгерде ПКК/ЙПГны тазалоо үчүн кирсе маселе жок, ЙПГны коргош үчүн кирсе, анда бизди, Түрк аскерин эч ким токтото албайт. Бул Африн үчүн да, Менбич үчүн да, Евфрат дарыясынын чыгышы үчүн да жарактуу»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар