Түркия АКШга көңүл айтты

Кечээ Бровард шаарындагы кол салууда 17 киши каза болуп, көп сандаган киши жаракат алган.

911432
Түркия АКШга көңүл айтты

Түркия АКШнын Флорида штатындагы мектепке болгон кол салуудан каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана Америка элине көңүл айтты.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Флориданын Бровард шаарында кечээ бир лицейде болгон кол салуудан 17 кишинин көз жумушу жана көптөгөн кишинин жаракат алышынын катуу капалантканы белгиленди.

Билдирүүдө: «Кол салууну айыптап, окуяда каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана Америка элине көңүл айтабыз»,-делди.



Тектеш кабарлар