Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциялары

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Ирактын түндүгүндө орун алган жикчил террор уюмуна таандык буталар аылууда.

910096
Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциялары

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Ирактын түндүгүнө абадан жүргүзгөн кыймылында террористтерге таандык баш калкалоочу жай, үй жай жана курал сактоочу кампа катары колдонулган 8 бутаны атты.

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Ирактын түндүгүндө уя салган жикчил террор уюмуна таандык буталар атылууда.

Ушул алкакта Ирактын түндүгүндөгү Синат-Хафтанин, Метина, Гара, Авашин жана Басян аймактарында байкоо жана чалгындоо аппараттары аркылуу коопсуздук пункту жана базаларга кол салуу даярдыгында болгону белгиленген жикчил террор уюмунун мүчөлөрүнө карай бүгүн абадан операция жүргүзүлдү.

Кыймылда жикчил террор уюму тарабынан колдонулганы белгиленген баш калкалоочу жай, үй жай жана курал сактоочу кампасынан турган 8 бута атылып, таш талканы чыгарылды.

Операцияга катышкан учактар коопсуз түрдө базаларына кайтты.

ТКК, кечээ Ирактын түндүгү Синат-Хафтанинде кол салуу даярдыгында болгону белгиленген жикчил террор уюмунун мүчөлөрүнө карай абадан жүргүзүлгөн операцияда да террористтерге таандык баш калкалоочу жай, үй жай жана курал сактоочу кампа катары колдонулган 16 бутаны атып, жок кылган.

 



Тектеш кабарлар