Түркия НАТОго маалымат берип турат

Столтонберг Түркия менен сүйлөшүүлөрдүн уланышын күткөндөрүн айтты.

909721
Түркия НАТОго маалымат берип турат

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберг Түркиянын шериктештикке өткөн жумада, Сириянын Африн аймагында уланган «Зайтун бутагы» операциясына байланыштуу маалымат бергенин айтты.

Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги билдирүүсүндө, Түркия менен сүйлөшүүлөрдүн уланышын күткөндөрүн сөз кылды.

Баш катчы: «Сириядагы абал жана «Зайтун бутагы» операциясы темасында президент Режеп Таййип Эрдоган менен бирге түрк лидерлер менен тартиптүү түрдө байланыш куруудамын. Түркиянын шериктештерине маалымат берүүсүн улантат деп ойлоймун»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар