Өлкөнүн ичиндеги операциялар
Операцияларда 25 террорист кармалды.
908796
Өлкөнүн жалпысында акыркы бир жуманын ичинде жүргүзүлгөн операцияларда жикчил террордук уюм ПККга мүчө 25 террорист кармалды.
Ички иштер министрлиги, 5-12-февраль күндөрүнүн аралыгында жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалымат берди.
Буга караганда операцияларда 13ү багынган, 11и тирүү, бирөө өлүү жалпы 25 террорист таасирсиз кылынды.
Операцияларда 2си AT 4 үлгүсүндөгү брондолгон унааны тешип өткөн снаряд менен бирге 16 оор курал, жарылуучу затта колдонулган 790 килограммдык зат, 15 граната жана көп сандаган ок-дары табылды.
Айрыкча «Зайтун бутагы» операциясына карай социалдык медиадан террор пропагандасын жүргүзгөн 474, митингдерге катышкан 192 киши туурасында камакка алуу чечими чыкты.