Маттистин ПЙД/ПКК моюнга алуусу

Маттис, Европага саякаты убагында журналисттерге террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү темасында маалымат берди.

908525
Маттистин ПЙД/ПКК моюнга алуусу

АКШнын коргоо минстри Жим Маттис, Сирияда өлкөсү колдоо көрсөткөн жана Сирия демократиялык күчтөрү (СДК) деп аталган жикчил террор уюму ПЙД/ПКК элементтеринин бир бөлүмүнүн башка аймактардан Афринге өткөнүн моюнга алды.

Маттис, Европага саякаты убагында журналисттерге террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү темасында маалымат берди.

ДЕАШка каршы күрөшүүнүн Сирияда уланганын айткан Маттис, ПЙД/ПККнын жол башчылыгында СДКнын ичиндеги айрым элементтердин Африндеги операциялардын себебинен «тынчы кеткенин» жана бул аймакка өткөнүн белгиледи.

Жим Маттис буларды айтты: «Айрыкча учурда Афринде уланган, тынчты алган абал бар. Бул абал СДКнын ичинде канча пайыз болгону так болбогону менен бирге көпчүлүгүнүн тынчын алууда, жолдошторунун Афринде кол салуу астында болгону көрүнүүдө жана бул да алардын көңүл буруусу ошол тарапка өтүшүнө себепчи болууда. Айрым убактарда болсо айрым бөлүктөр ошол жакка (Афринге) өттү».

Маттис айрыкча, Түркиянын чек араларынын ичинде «куралдуу көтөрүлүш» уланган жалгыз өлкө болгонун белгилеп, «Түркиянын Сирия чек аралары тууралуу мыйзамдуу коопсуздук санааркоолору бар жана биз муну кымындай дагы чептке какпайбыз»,-деди.

Маттис, кааласа Израиль, кааласа Ливан, Иордания же Түркия болсун мыйзамдуу коопсуздук санааркоолору болгон өлкөлөрдүн бул санааркоолорун түшүнгөндөрүн белгилеп өттү.

Пентагон мындан мурда айрым СДК элементтеринин күчтөрүн өткөргөнүн айткан, бирок бул абал расмий түрдө алгач ирет тастыкталууда.



Тектеш кабарлар