Султан Абдүлхамид Ханды эң улуу көрөгөч жана стратегист инсандардан бири катары урматтайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Стамбулдагы Йылдыз Сарайында «Дүйнөдөн кайтышынын 100-жылында Султан Абдүлхамидди эскерүү» программасында сөз сүйлөдү.

908015
Султан Абдүлхамид Ханды эң улуу көрөгөч жана стратегист инсандардан бири катары урматтайбыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия радио-телеберүү мекемесинде (ТРТ) берилген жана чоң жактыруу менен көрүлгөн «Пайтакты Абдүлхамид» аттуу сериалдын ар башка тилдерге которулуп дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнө ылдам түрдө экспортолушу керектигин айтты.

Эрдоган, Стамбулдагы Йылдыз Сарайында «Дүйнөдөн кайтышынын 100-жылында Султан Абдүлхамидди эскерүү» программасында сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган, бир улутту жашаткан, аны аң-сезимге жана мүнөзгө ээ кылган нерсе тарыхый окуялардын толугу экенин айтты.

Түрк тарыхы менен сыймыктангандарын, ар бир улуттун ушундай тарыхка ээ болбогонун баса белгилеген Режеп Таййип Эрдоган, өткөндөн сабак алууну унутпагандарын белгилеп кетти.

Абдүлхамид Ханды эң улуу көрөгөч жана стратегист инсандардан бири катары урматтагандарын баса белгилеген Президент: «Абдүлхамид Хандын «биримдик жана ынтымак бардык күчтөн жогору турат» деген сөзү бүгүнкү күндө да мамлекет жана улут катары бардык иштерибизде жол көрсөтүүчү болушун улантууда»,-деп айтты.

«Пайтакты Абдүлхамид» сыяктуу сериалды көрүүчүлөргө тартуулаганы үчүн ТРТга ырахматын айткан Эрдоган, бул сериалдын дүйнөнүн ар башка өлкөлөрнө ылдам түрдө экспорттолушу керектигин баса белгиледи.

Эрдоган, тарыхчы, профессор Илбер Ортайлынын айтканындай дүйнө жүзүнүн акыркы дүйнөлүк императору катары атын калтырган Султан Абдүлхамидди таазим кылуу менен эскергенин айтты.



Тектеш кабарлар