Мардинде 2 террорист багынды

Мардиндин Кызылтепе районунда ПКК/ПЙД- ЙПГ террордук уюмунан качкан 2 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынды.

904977
Мардинде 2 террорист багынды

Мардиндин Кызылтепе районунда ПКК/ПЙД- ЙПГ террордук уюмунан качкан 2 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынды. Башкы штабдын төрагалыгынын интернет сайтында кечээки өлкө ичиндеги окуялар жана күнүмдүк аткарылган иштерге орун берилди.

Ушуга караганда Мардиндин Кызылтепе районунда террордук уюмдан качкан 2 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынды. Кургак жер күчтөрү командирлигинин чек ара бөлүктөрү тарабынан мыйзам тышы жолдор менен Сириядан Түркияга кирүүгө аракет кылган 804, өлкөдөн Сирияга өтүүгө аракет кылган 19 киши камоого алынды.

Ирактан 17, Грециядан 26 киши Түркияга мыйзам тышы жолдор менен кирип жатып кармалды. Түркиядан да Грецияга мыйзам тышы жолдор менен өтүүгө аракет кылган 16 киши тууралуу мыйзамдуу териштирүү жүргүзүлдү.



Тектеш кабарлар