Ирактын түндүгүнө аба операциясы жүргүзүлдү

ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү 3 террорист жок кылынды.

901985
Ирактын түндүгүнө аба операциясы жүргүзүлдү

Ирактын түндүгүндө учкучсуз унаа тарабынан аныкталган ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү 3 террорист жок кылынды. Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка ылайык Ирактын түндүгүндөгү Кани Раш аймагында террордук уюм ПКК террористтердин кол салуусунда эки аскер шейит болуп, эки аскердин жараланышынан кийин аймакта операция баштатылды.

Учкучсуз аба унаасы тарабынан аныкталган куралдуу буктурмалар да аба опеарциясы менен жардырылды. Аймакта ПКК террордук уюмуна карата операциялар улантылууда.

 



Тектеш кабарлар