Рейханлы жана Килиске снарияд келип түштү

Аймакка көп сандаган полиция менен өрт өчүргүч жиберилди.

901538
Рейханлы жана Килиске снарияд келип түштү

Сириянын Африн аймагындагы террордук уюм ПЙД/ПКК мүчөсү террористтер тарабынан Килис шаарынын борборуна эки снарияд атылды. Таңга жуук атылган биринчи снарияд Экрем Четин мааласында эки кабаттуу бир үйдүн астыңкы кабатынын дубалына келип тийген.

Африн элетиндеги террористтер тарабынан Барыш мааласына түшкү сааттарда атылган экинчи снарияд болсо эки кабатуу имараттын астындагы иш жерлерине келип түшкөн. Снарияддар  материалдык чыгымга жол ачты.

Полиция коопсуздук чараларын көргөндөн кийин окуя болгон жерде иликтөө баштады. Бир тараптан террордук уюм ПЙД/ПКК мүчөсү террористтер тарабынан Хатайдын Рейханлы районуна жасалган үч башка кол салууда бир киши жараланды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Зайтун бутагы» операциясын жүргүзгөн Африн аймагынан атылган снарияд Дегирмен Каршы мааласында бир үйгө тийген. Ошол эле учурда Гүлтепе мааласында бир үй менен ошол эле мааладагы бош аянтка снаряд атылган. Аймакка көп сандаган полиция менен өрт өчүргүч жиберилди.

 



Тектеш кабарлар