Афринден Түркия чек арасын көздөй снаряддар атылууда

Сириянын Африн аймагын басып алган террористтер Хатайдын Рейханлы районуна 7 снаряд огун атышты.

901172
Афринден Түркия чек арасын көздөй снаряддар атылууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ПКК/ПЙД-ЙПГга мүчө террористтердин Хатайдын Рейханлы районуна снаряд атуусунун себебинен каза болгон 17 жаштагы Фатош Авлардын үй-бүлөсүнө телефон аркылуу көңүл айтты.

Президент шейиттердин каны жерде калбай турганын айтты.

Террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГ, кечээ дагы жарандарды бутага алды.

Сириянын Африн аймагын басып алган террористтер Хатайдын Рейханлы районуна 7 снаряд огун атышты.

Кол салууда 17 жаштагы кыз каза таап, 1 киши жараланды. Жаш кыздын сөөгү Рейханлыда коюлду.

Рейханлыга атылган башка снаряд окторунан бирөө Дегирмен Каршы мааласындагы бир үйгө тийди.

Аймакка көп сандаган полиция жана өрт өчүргүч топтору жөнөтүлдү.

Алгачкы белгилөөлөргө караганда кол салууда кандайдыр бир өлүм житим же жаралануу болгон жок.

ПЙД/ПККнын мүчөлөрү тарабынан Хатайдын Кырыкхан районуна да снаряддын огу атылды.

Афринден атылган снаряд огу Перишан мааласындагы чек арага жакын жердеги бош аянтка түштү.

 



Тектеш кабарлар