ТКК Африндин батышындагы дагы бир айылдын каратылганын жарыялады

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК),Африндин батышындагы дагы бир айылдын каратылып алынганын жарыялады.

900246
ТКК Африндин батышындагы дагы бир айылдын каратылганын жарыялады

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) Түндүк Сирияда  уланган «Зайтун бутагы» операциясынын алкагында Африндин батышындагы дагы бир айылдын каратылып алынганын жарыялады.

ТККнын жарыясында террористтер менен болгон катуу салгылашуудан кийин каратылган Сүлейман Халил жана Сати Шагиден кийин Алкана айылынын да жикчил террор уюму ПЙД/ПККдан тазаланганы билдирилди.

Анда Раку аймагынын чөйрөсүндө каратылган айылдардын жана стратегиялык дөбөлөрдүн артынан террор уюмунун аймактагы таасири жоюлганы белгиленди.

Анда кыймылдын 11-күнүндө Африндин 5 аймагында 18и айыл, бири айылдан аз отурукташуу жана бешөө стратегиялык дөбө болгон 24 жердин куткарылганы маалыматына орун берилди.



Тектеш кабарлар