Сириянын Идлиб шаарында бир жарандык кызматкер каза болду

Кол салууда суу чарбасы директорлугунун кызматкери Ясин Танбога каза болуп, Махмут Пакйүрек оор, улук сержант Өмер Гүнеш болсо жеңил жараланды.

900693
Сириянын Идлиб шаарында бир жарандык кызматкер каза болду

Сириянын Идлиб шаарында түрк куралдуу күчтөрүнө таандык конвойго террористтер тарабынан жасалган бомбалуу кол салууда бир жарандык кызматкер каза болуп, бир жаран менен бир аскер да жараланды.

Түрк куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта Идлибдин түндүгүндөгү түрк аскердик конвоюна кол салгандыгы белгиленди. Маалыматта : «Кол салууда конвойдо милдетин аткарган жарандык кызматкерибиз шейит болду, бир аскерибиз менен жаран жараланды. Кол салууда каза болгон шейитибиздин үй  - бүлөсүнө көңүл айтабыз жана  жаралангандардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди. Ошол эле учурда токой жана суу чарбасы министри Вейсел Эроглу социалдык медиа эсебинен берген маалыматында Идлибдин түндүгүндө бара жаткан конвойго жасалган террордук кол салуудагы шейиттин мамлекеттик суу чарбачылыгы боюнча директорлугунун кызматкери Ясин Танбога экендигин билдирди.  

Министр Эроглу берген маалыматында : «"Зайтун бутагы" операциясына катышкан Мамлекеттик суу чарбасы директорлугунун кызматкери Ясин Танбога каза болду, Махмут Пакйүрек оор, улук сержант Өмер Гүнеш болсо жеңил жараланды. Шейитибиздин үй  - бүлөсүнө көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин  каалайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар