Союздаштар террорго каршы Түркияны колдошу керек

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калындын «DailySabah» гезитине 27.01.2018 – жылы чыккан макаласы.

900055
Союздаштар террорго каршы Түркияны колдошу керек

Террорго каршы күрөштө Түркия союздаштарын кандай колдогон болсо, союздаштары да каласа ДЕАШ, кааласа ПКК же Фетуллахчы  террордук уюмуна болсун террорго каршы күрөштө Түркияны колдошу керек.

Түркия 20 -  январда Сириядагы Африн аймагын ПКК/ПЙД/ЙПГ террор уюмунан тазалоо үчүн «Зайтун бутагы» операциясын баштады. Кээ бир батыштык союздаштар бул операцияны ДЕАШ менен күрөшүүдөн качуу үчүн бир жубатуу катары караса да операция Сириядан келген бардык террордук коркутууларды жок кылуу жана Сириянын жеринин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн туура багытта кадам таштоо максаты менен толук шайкештик ичинде.

«Зейтин далы» операциясы БУУнун келишиминин 51 -  беренесинде белгиленгендей мыйзамдуу түрдө өзүн өзү коргоо укугунун негизинде толугу менен мыйзамдуу операция. Түрк шаарлары Хатай менен Килиске акыркы бир канча жылдын ичинде Афринден 700дөн ашуун кол салуу жасалды. Андан башка ПКК аймакты жаңы мүчөлөрдү табуу жана машыгуу максатында колдонууда. ПЙД жана ага караштуу ЙПГ террористтери ДЕАШ менен күрөш деген аттын астында Африн жана тегерегинин текшерүүсүн колго алышкан. Бирок чындык төмөнкүчө  : бул түзүлүш ДЕАШ коркунучун бир автономиялуу аймак жана натыйжада көз карандысыз мамлекет куруу максатында Сирия жерлеринде мыйзамсыз жана көзөмөлдөөсүн кеңейтүү үчүн шылтак катары колдонду. Түркия бул абалдын дагы да алдыга жылышына уруксат бере албайт жана бербейт.

Азыркы учурда «Зайтун бутагы» операциясынын мыйзамдуулугун териштирген эч бир өлкө жок. Кээ бир өлкөлөр болсо операциянын көлөмү жана убактысы тууралуу тынчсызданууларын билдирип, Түркиядан жарандык жоготууларга мүмкүнчүлүк бербеши керектигин суранышты. Бул тынчсызданууларынын эч биринин негизи жок. Түркиянын Евфрат калканы операциясын карай турган болсок жарандарга эч кандай зыян келтирилген эмес. Операцияда түрк аскерлери Жараблус менен ел  - Бабдын ортосундагы аймакты ДЕАШ террористтеринен тазалап, жарандык жоготуулардын алдын тосуп, аймакты чыныгы ээлерине тактап айтканда Сириянын жергиликтүү калкына алып берди. Түркиянын Сирияны басып алуу тууралуу эч бир кызыкчылыгы жок жана мындай жыйынтыкты жарата турган эч нерсе аткарган эмес. Бир тараптан Сириядагы ЙПГ коркунучун көрбөгөндөр тарыхый бир жаңылыштык кылып жатат. Кудум Аль Кайда, ДЕАШ, Боко Харам сыяктуу ПКК да террордук уюм жана анын Сириядагы тоолуктарды ПЙД жана ЙПГ да андан айырмаланбайт. Сирия жана Ирактагы ЙПГ менен күрөш ДЕАШ менен күрөшүүдөн качуу үчүн алаксытуу эмес. Тескерисинче аймактагы бардык террордун ортодон жок кылынышы максатына кызмат кылууда.

Түркия Ирактагы ПКК коркунучу жана Сириядагы ЙПГ тууралуу ар дайым ачык жана так болду жана маселени БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен коңшу өлкөлөргө да  билдирди. Бирок союздаштардын маселенин чукулдугун көрбөстүккө салышы, Түркиянын жарандарын жана чек арасын коргоо үчүн аракетке өтүүсүнө жолтоо боло албайт. Өзгөчө Түркия менен байланыштуу маселе эмес. Ирак жана Сириядагы террордук уяларын жок кылуу, бул өлкөлөрдүн элдери менен жеринин бүтүндүгүн жана саясий биримдигин сактоо үчүн да керек.

ПКК пропагандасынын тескерисинче «Зайтун бутагы» операциясы Сириядагы күрттөргө эмес, террордук уюмдарга каршы. ПКК күрттөрдүн өкүлү эмес жана алардын атынан да сөз сүйлөй албайт. ПККнын эски мода марксист  - ленинист идеологиясын жана террордук тактикаларын четке каккан миллиондогон күрт бар. Андан башка ПЙД жана ЙПГ, ДЕАШ менен күрөшүү деген аттын астында күрттөр, араптар жана түркмөндөр да болуп Сирия калкын эзүүдө. Алардын биринчи максаты ДЕАШка каршы согушуу эмес, кысым менен бир мамлекет куруу. Дүйнө бул жөнөкөй чындыкты билиши керек.

АКШ өкмөтү ДЕАШ коркунучу жок кылынганда ПЙД жана ЙПГни колдобой тургандыгын айткан болчу. АКШнын президенти Дональд Трамптын 24 -  ноябрь жана 24 -  январь күндөрүндөгү эки телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө президент Р. Т. Эрдоганга айтканы ушул болчу. Ушуга карабастан АКШнын ЙПГге берген аскердик колдоо дагы деле улантылууда жана бул да бул саясаттын акыркы максаты менен байланыштуу олуттуу суроолорду эске алып келүүдө. Сирияда террорду күчтөндүрүү, НАТОго каршы коркунуч туудуруп, Сириянын жеринин бүтүндүгүн жана этникалык  - коомдук шайкештигин коркунучка түртүүдө.

Анкара ДЕАШты террордук уюм катары көрөт жана эл аралык коалициянын бир бөлүгү катары өз жоопкерчилиги астында ага каршы согушуп жатат, бирок союздаштарынан да ПКК жана уландыларына каршы ошондой эле мамиле кылышын күтүп жатат. Бирок бул түшүнүккө ээ боло турган болсо НАТО союздаштары болгон Түркия менен АКШнын ортосундагы келишпестиктерди ашып өтүүгө болот.

Кудум Түркиянын террорго каршы күрөшүндө союздаштарын колдогондой союздаштары да кааласа ДЕАШ, кааласа ПКК же болбосо ФЕТӨ болсун террорго каршы күрөшүндө Түркияга колдоо бериши керек. Чыныгы союздаштык жана достук муну керек кылат.



Тектеш кабарлар