"Зайтун бутагы" операциясында Али Бекки айылы колго алынды

Треррордук уюм ПЙД/ПКК басып алган Африн районунун түндүк  - батышындагы Рако аймагына караштуу Али Бекки айылынын текшерүүсүн колго алды.

898265
"Зайтун бутагы" операциясында Али Бекки айылы колго алынды

Түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия Армиясы «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде террордук уюм ПЙД/ПКК басып алган Африн районунун түндүк  - батышындагы Рако аймагына караштуу Али Бекки айылынын текшерүүсүн колго алды.

Түрк куралдуу күчтөрү жана Эркин Сирия Армиясынын бөлүктөрү 8 -  күнгө кирген «Зайтун бутагы» операциясынын негизинде Рако аймагындагы 740 – жер деп билинген аймак менен уюмдун машыгуу жерин да колго алды. Операцияда 10дон ашуун террорист өлтүрүлдү.

Түрк куралдуу күчтөрү менен Эркин Сирия Аскеринин бөлүктөрүнүн 20 -  январда баштаган операциянын негизинде кургактыктан жүргүзүлгөн кыймылда Адаманлы, Хафтар, Хай Оглу, Өмер Ушагы, Марсо, Шейх Абид, Карманлы, Бали айылы, Курни жана Махмуд Убаси айылдары менен Сириа Тел дөңсөөсү террордук уюмдардан алынды.

Башкы штабдын төрагалыгы операциянын биринчи күнү жана андан кийинки күндөрү берген маалыматтарда операциянын Түркиянын эл аралык мыйзамдуулуктан чыккан укуктары, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин террор менен күрөшүүгө карата чечимдери жана БУУнун келишиминде орун алган мыйзамдуу коргонуу укугунун негизинде, Сириянын жеринин бүтүндүгүнө сый көрсөтүү катары аткарылгандыгына орун берилген. Маалыматтарда бир гана террористтерге таандык жерлердин бутага алынгандыгы, жарандарга залакасы тийбеш үчүн бардык чаралардын көрүлгөндүгү баса белгиленген.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар