Афринден Хатайга ракета атылды
Кол салууда каза болгон же жаралангандар болгон жок.
898048
ПЙД/ ПКК террористтери тарабынан Сириянын Африн аймагынан атылган 3 ракета Хатайдын Рейханлы жана Кырыкхан райондорунун элет жерине келип түштү.
Түрк куралдуу күчтөрүнүн «Зайтун далы» операциясын жүргүзгөн Африн аймагынан ПЙД/ПКК террористтери аткан 2 ракета Кырыкхандын Ялангоз жана Инжирлидеги бош аянтка, 1 ракета болсо Рейханлы районунда Бүкүлмез мааласынын жакынындагы участокко келип түштү.
Аймакка көп сандаган жандармерия, тез жардам жана өрт өчүргүч унаалары жиберилди. Кол салууда каза болгон же жаралангандар болгон жок.