Жети континентте Түркия таанытылат

100 туризм фирмасында теңдеши жок табияты, бай тарыхый жана маданий түзүлүшү менен Түркияны таанытат.

897900
Жети континентте Түркия таанытылат

Маданият жана туризм министрлиги бул жылы жети континентте туризм иш чаралары да болгон 100 туризм фирмасында теңдеши жок табияты, бай тарыхый жана маданий түзүлүшү менен Түркияны таанытат.

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ээ болгон тарыхый, туристтик, маданий баалуулуктарынын кенен түрдө таанытылышы жана базарынын түрдүүлүгүнүн көбөйтүлүшү максатында жыл сайын өлкө тышында өткөрүлгөн эл аралык туризм жарманкерлеринде маданият жана туризм министрлигинин чатыры астында Түркиянын таанытылары эске салынды.

Министрликтин 2018 -  жылы араларында ITB Берлин туризм жарманкеси, World Travel Market Лондон, Arabian Travel Market, MITT Москва сыяктуу дүйнөнүн эң көп зыярат кылынган туризм иш чарасында  стенд ачары белгиленди.

Туризм көлөмү күн өткөн сайын дагы өсүп жаткан жана жаңы базарларга ачылган Түркиянын өзгөчө Индияда өткөрүлгөн Oneworld Travel Market жана Satte Жаңы Делиде да сыймыктуу конок катары катышары билдирилди.

Туризм профессионалдары жолугуша турган жарманкелерде бул жылы Түркиянын Троя менен түрк дүйнөсүнүн маданият борбор шаары деп жарыяланган Кастамонуну алдыңкы планга чыгары билдирилди.



Тектеш кабарлар