Президент Эрдоган Хатайга барды

Эрдоган «Зайтун бутагы» операциясынын 6-күнүндө Хатайдагы Кыймыл борборуна барды.

897239
Президент Эрдоган Хатайга барды

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган «Зайтун бутагы» операциясынын 6-күнүндө Хатайдагы Кыймыл борборуна барды.

Президенттиктин маалымат борборунан маалымдашкандай Президент Режеп Таййип Эрдоган, башкы штабдын төрагасы, армия генералы Хулуси Акар менен бирге кечинде Анкарадан  «Зайтун бутагы» кыймылынын камсыздоо жана башкаруусу боюнча жооптуу 2-Армиянын Хатайдагы Кыймыл борборуна өттү.

Президент Режеп Таййип Эрдоганды вице-премьер Бекир Боздаг, коргоо миинистри Нуреттин Жаникли, кургактык күчтөрү командири, армия генералы Яшар Гүлер да коштоп барышты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган  жанындагы комиссия менен бирге  Кыймыл борборундагы 2-Армиянын командири, генерал-полковник Исмаил Метин Темел жана берки аскердик жооптуу кызматкерлерден «Зайтун бутагы» операциясы туурасында маалымат алды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана аны коштогон комиссияны Хатайдагы кыймыл борборуна жасалган сапарда Хатайдын губернатору Эрдал Ата да коштоп барды.

Күтүлбөгөн сапардын себебинен президент Эрдогандын Бештепеде премьер-министр Йылдырымды кабыл алуусунун да жылдырылганы белгилүү болду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Зайтун бутагы» кыймылынын камсыздоо жана башкаруусу боюнча жооптуу 2-Армиянын Хатайдагы Кыймыл борборунда кызмат өтөгөн аскерлерге кайрылды.

Эрдоган, аскерлерге кайрылуусунда улуттук коопсуздукту камсыздоонун себебинен Афринге жүргүзүлгөн операциянынаймакты террордук элементтерден тазалоону максаттаганына көңүл бурду.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар