Чавушоглу - Лавров сүйлөшүүсү

Сирия Улуттук диалог конгрессинин 29 – 30 – январда өткөрүлүшү күтүлүүдө.

896878
Чавушоглу  - Лавров сүйлөшүүсү

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Чавушоглу  -  Лавров сүйлөшүүсүндө Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлүшү пландалган Сирия улуттук диалог конгресси тууралуу даярдык процессинин сөз болгондугун жарыялады.

Министрликтин сүйлөшүү тууралуу билдирүүсүндө : "Түркиянын демилегси менен 24 -  январда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду. Орусия жана Түркия лидерлеринин жолугушууларынын уландысы мүнөзүндө өткөн жолугушууда тышкы иштер министрлери Сочиде өткөрүлө турган Сирия улуттук диалог конгресси тууралуу даярдык процессин колго алды. Бул иш чаранын ийгиликтүү өтүшүнө мүмкүнчүлүк түзүү максатында бири бирине карата кошумча кадамдардын ташталышына чечим чыгарылды»,- деп айтылды.

Сирия Улуттук диалог конгрессинин 29 – 30 – январда өткөрүлүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар