Катардан "Зейтин далы" операциясына колдоо

Катардын тышкы иштер министрлигинин катчысы Лулва ел  - Хатыр Түркиянын аймакта ар дайым бир тең салмактуулук жана ырааттуулук элементи экендигин айтты.

895248
Катардан "Зейтин далы" операциясына колдоо

Катардын тышкы иштер министрлигинин катчысы Лулва ел  - Хатыр Түркиянын Афринге карата «Зейтин далы» кыймылын өлкөнүн улуттук коопсуздугу тууралуу санааларынан улам ишке ашкандыгын белгиледи.

Катар маалымат агенттиги QNAнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хатырдын берген маалыматына таянган кабарында : ««Зейтин далы»  кыймылы Түркиянын улуттук коопсуздук жана чек ара коопсуздугу менен байланыштуу жана Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн сакталышы максатында баштатылды»,- деген сөздөргө орун берилди.

Террордук кол салууларга дуушар болгон Түркиянын улуттук коопсуздугун сактоо тууралуу иштерин колдошкондорун белгилеген Хатыр бул маселенин эл аралык келишимдер жана БУУ Шартынын 51 -  беренеси менен (мүчө өлкөлөрдүн бирөөсүнө куралдуу кол салуу боло турган болсо мыйзамдуу коргонуу укугун колдоно алары) кепилдикке алынгандыгын билдирди.

НАТО мүчөсү Түркиянын аймакта ар дайым бир тең салмактуулук жана ырааттуулук элементи экендигине көңүлдөрдү бурган Хатыр Катар катары Түркиянын жарандардын жана Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн сакталышы тууралуу жоопкерчилигине ишенгендерин белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар