Эрдоган «Зайтун бутагы» кыймылы тууралуу генералдардан маалымат алды

Эрдоган, Афринге карай «Зайтун бутагы» (тынчтык) кыймылынын үчүнчү күнүндө видео конференция аркылуу аймактагы, Башкы штабдагы жана Кургактык күчтөрү командирлигиндеги командирлерден маалымат алды.

894803
Эрдоган «Зайтун бутагы» кыймылы тууралуу генералдардан маалымат алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Афринге карай «Зайтун бутагы» (тынчтык) кыймылынын үчүнчү күнүндө видео конференция аркылуу аймактагы, Башкы штабдагы жана Кургактык күчтөрү командирлигиндеги командирлерден маалымат алды.

Кечээ кечинде болгон видео конференцияда эң оболу кыймылдын камсыздоо жана башкармалыгы боюнча жооптуу 2-Армиянын командирлигинин Хатайдагы кыймыл борборуна байланышкан Эрдоган, Афринге карай операция тууралуу акыркы маалыматтарды 2-Армиянын командири, генерал- полковник Исмаил Метинден алды.

Эрдоган андан соң Башкы штаб төрагалыгынын кыймыл борбору жана кургактык күчтөрүнүн кыймыл борборунда кызмат өтөгөн генералдар менен сүйлөштү.

Эрдоган, кыймылдын пландалгандай түрдө аткарылып жатканын жана көңүлдөр көтөрүңкү экенин белгилеген Түрк куралдуу күчтөрүнүн мүчөлөрүнө улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында Африндеги террор элементтерине каршы аткарылган операцияда ийгиликтерди каалады.

Андан соң Хатайдын губернатору Эрдал Ата, Шанлыурфанын губернатору Абдуллах Эрин, Килистин губернатору Мехмет Текарслан жана Газиантептин губернатору Али Йерликая менен курулган түз эфирдеги байланыштар менен Эрдоган, аты аталган шаарлардагы абал туурасында маалымат алды.



Тектеш кабарлар