Йылдырым: "Эртеңден баштап кургактык күчтөрү дагы өз милдеттерин аткарат"

Бинали Йылдырым, “Зейтин Далы” кыймылында эртеңден баштап кургактык күчтөрү дагы өз милдеттерин аткара турганын айтты.

893191
Йылдырым: "Эртеңден баштап кургактык күчтөрү дагы өз милдеттерин аткарат"

Премьер-министр Бинали Йылдырым, “Зейтин Далы” кыймылында эртеңден баштап кургактык күчтөрү дагы өз милдеттерин аткара турганын айтты.

Өкмөт башчы Бинали Йылдырым, Чанкая сарайында Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели менен жолугушуусунан кийинки маалымдоосунда, кыймылдын биринчи баскычынын Түрк куралдуу күчтөрүнүн абадан операция жүргүзгөнүн, буталардын дээрлик толугуна жакыны атылганын айтты.

Йылдырым: «Абалдарга караганда эртең кургактык күчтөрүбүз өз милдеттерин аткарат. Афринде жашаган араб, күрт, түркмөн туугандарыбызды террор уюмунун кысымдарынан куткаруу кыймылынын маанилүү максаттарынан бири. Афринде күрттөр атылууда, каралоо пропагандасы жүргүзүлүүдө. Буларды жоюш үчүн бул кыймылды аткарган миңдеген баатырыбыз муну билиши керек, 80 миллион кишинин дубасы сиздер үчүн»,-деп айтты.

Өкмөт башчы андан соң кыймыл тууралуу маалымат алыш үчүн Башкы штабдын имаратына барды.



Тектеш кабарлар