Чавушоглу Багдадга аттанды

Мевлүт Чавушоглу Ирактын тышкы иштер министри Ибрахим Жаферинин чакыруусу боюнча Багдадга аттанды.

893314
Чавушоглу Багдадга аттанды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ирактын тышкы иштер министри Ибрахим Жаферинин чакыруусу боюнча Багдадга аттанды.

Сириянын Африн аймагындагы террор уяларына кечээ башталган кыймылдын дароо артынан болгон сапарда аймактагы акыркы абалдар менен катар Багдад менен 2017-жылдын 25-сентябрында мыйзамсыз көз карандысыздык референдумун өткөргөн Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (Эрбил) ортосундагы чыңалуу да сүйлөшүлөт.

Мевлүт Чавушоглу, ирактык кесиптеши менен жолугушуусунан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрөт.

Чавушоглу, Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади жана Ирактын өкүлдөр палатасынын төрагасы Селим аль-Жубури тарабынан да кабыл алынат.

Жолугушууларда аймактагы акыркы абалдар жана Ирак-Түркия карым-катнаштары күн тартипке келет.

Мыйзамсыз референдумдан кийин Эрбил менен Ирактын борбордук бийлигинин ортосунда чыңалуу күчөп кеткени боюнча Чавушоглу Түркия арачылык кыла ала турганын айткан.

Чавушоглу, Ирактагы расмий жолугушууларынан кийин түркмөн саясатчылар менен да жолугат.



Тектеш кабарлар