Өнүгүү министри Лүтфи Элван Сенегалда
Расмий сапар менен Сенегалга барган өнүгүү министри Лүтфи Элван өлкөнүн президенти Маки Салл тарабынан кабыл алынды
Расмий сапар менен Сенегалга барган өнүгүү министри Лүтфи Элван өлкөнүн президенти Маки Салл тарабынан кабыл алынды. Жолугушуу массалык маалымат каражаттарына жабык түрдө өттү.
Ошол эле учурда министр Элван Жогорулаган Сенегал Планынан жооптуу министр Чехом Канте менен да жолугушту. Министрликтин имаратында өткөн жолугушууда Элван Сенегалда энергетика, дыйканчылык, базис, саламаттыкты сактоо жана кен байлыктар сыяктуу бир топ тармакта маанилүү кызматташтыктардын түзүлө аларын айтты. Элван муну менен бирге Сенегалдын өнүгүү планы тууралуу эки жактын бирдикте иштеше аларын белгиледи.
Бир тараптан өнүгүү министри Элван Түркия Маариф фондунун Сенегалдын борбор шаары Дакардагы мектебин да ачты.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө террор менен күрөшүү тууралуу маалымат орун алды.