АКШ ПЙД/ПКК террористтерин Түркия чек арасына жайгаштырууда
Байкоо жерлеринде эң көп 15 террорист бар, кошумча жиберилген террористтер менен бул сан ар бир байкоо жеринде 100гө жетти.
АКШ армиясынын Сирия - Түркия чек арасында чалгындоо иштеринен кийин миңге жакын жикчил террордук уюм ПЙД/ПКК мүчөсү Тел Абядга жайгашты.
Анадолу агенттигинин Тел Абядда ишенимдүү булактардан алган маалыматына ылайык АКШ армиясынын ок өткөрбөс унаалардан турган конвойлору өткөн жума жана шейшемби күнү террордук уюм ПЙД/ПККнын SDG деген ат менен менен басып алган Тел Абяд аймагына келди.
Уюм Тел Абядда Түркия чек арасына караган, араларында Каныйтра, Тел Фендер, Жарых, Слип жана Хан айылдары блгон 10го жакын байкоочу жерге кошумча күч жиберди.
Байкоо жерлеринде эң көп 15 террорист бар, кошумча жиберилген террористтер менен бул сан ар бир байкоо жеринде 100гө жетти.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө террор менен күрөшүү тууралуу маалымат орун алды.