Түркия коркунучтарга каршы чара көрөт

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Африн операциясына байланыштуу суроолорго жооп берди.

891569
Түркия коркунучтарга каршы чара көрөт

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркиянын өз улуттук коопсуздугуна коркунуч туудура турган ар түрдүү жагдайларга каршы бардык чараларды көрө турганын айтты.

Ибрахим Калын Стамбулда, ыктымалдуу Африн операциясына байланыштуу күн тартиптеги суроолорго жооп берди.

Калын, АКШнын: «ЙПГ (жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы) армиясы жок»,- деген билдирүүсүнө «Бул процесске жакын байкоо салабыз»,- деп сереп салды.

Түркиянын өз улуттук коопсуздугуна коркунуч туудура турган ар түрдүү жагдайларга каршы чараларды көргөнүн жана мындан кийин да уланта турганын баса белгилеген Калын: «Бул Африн да болот, бул Жераблус да болот, бул Мүнбич да болот, башка жерлер да болот, Ирак аянтында болот. Бул коркунуч ПККдан келсе да, ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШдан келсе да, же болбосо башка террордук уюмдардан келсе да Түркия буларга каршы ар түрдүү чара көрүүлөрүн ушул күнгө чейинки сыяктуу, мындан кийин да эч кимден уруксат албастан, анын жерин, убагын жана түрүн өзү белгилеп улантат. Африн, Мүмбич, Жераблус же башка жерлерде Түркиянын таштай турган өз улуттук коопсуздугун коргоого карай кадамдардын эч качан Сирия күрттөрүнө каршы болбогонун дагы бир жолу баса белгилей кетким келет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар