Боздаг: "Улуттук коопсуздугубуз үчүн эч кимден уруксат албайбыз"

Вице-премьер жана өкмөтт катчысы Бкир Боздаг,президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

890787
Боздаг: "Улуттук коопсуздугубуз үчүн эч кимден уруксат албайбыз"

Вице-премьер жана өкмөтт катчысы Бекир Боздаг, Түркиянын улуттук коопсуздугун коркунучка салган элементтерге карата эми чыдамы калбаганын билдирди.

Бекир Боздаг, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Түркиянын опурталдуу күндөрдөн өтүп жатканын белгилеген Бекир Боздаг,чек араларда террор тилкесин куруп коопсуздуктун террор армиясына кайтарылып берилгиси келгенин эске салып, «Бул улуттук коопсуздугубузга ачык түрдө коркунуч болуп жатат.Түркия улутунун жана мамлекетинин коопсуздугу үчүн чоң коркунучу болгон кадамдарды таштоодон тартынбайт»,-деди.

Боздаг, террор уюму ДЕАШ менен күрөшүү шылтоосу менен башка террордук уюм ПКК/ПЙД менен кызматташуунун кабыл алынгыстыгынын көп жолу түшүндүрүлгөнүнө карабастан болгон окуяларга карата Түркиянын эми чыдамынын акыркы чегине келгенин, керектүү кадамдарды таштоого чечкиндүү болгонун билдирди.

Сириянын Африн аймагындагы Түркияга каршы террордук түзүмү темасында дипломатиялык бардык каналдар колдонулуп бүткөнүн түшүндүргөн Боздаг, террористтерге камсыздалган куралдардын артка кайтарылышы сыяктуу темалардагы убадалардын аянтка чагылышпаганын белгиледи.

Боздаг, АКШ бийлигине дагы бир жолу чакырык таштаганын баса белгилеп, «ПКК/ПЙДны колдоо токтотулушу керек,берилген куралдар чогултулушу керек, террор армиясы пландарынан баш тартылышы зарыл»,-деп айтты.

Орусия жана АКШ сыяктуу өлкөлөр менен кеңешүүлөр уланганын да баса белгилеген Боздаг: «Бирок, улуттук коопсуздугубуз үчүн эч кимден уруксат албайбыз, ташташыбыз керек болгон кадамдарды таштайбыз»,-деп айтты.

Африндеги терррорист түзүмгө каршы качан кыймыл баштала турганы жөнүндөгү суроого Өкмөт катчысы: «Президент Режеп Таййип Эрдогандын айтканы сыяктуу: «бир түнү, капыстан»»,-деп жооп берди.

19-январда соңуна чыга турган Өзгөчө кырдаалдын  дагы 3 айга узартылышы тууралуу Улуттук коопсуздук кеңешинин сунушунун Түркия Улуу Улуттук Межлисинин Жалпы жыйынына алып барылышына чечим чыгарылганын да белгилеген Боздаг, бул процесс жарандардын күнүмдүк турмушуна таасир тийгизбегенин эске салды.



Тектеш кабарлар