Мега долбоор "Канал Стамбул" салына баштады

Мега долбоор Канал Стамбулдун багыты жарыяланды.

888954
Мега долбоор "Канал Стамбул" салына баштады

Транспорт, деңиз иштери  жана байланыш министри Ахмет Арслан, президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан 2011-жылы жарыяланган жана коомдук пикирде мега долбоор деп билинген «Канал Стамбул» долбоору тууралуу маалыматтарды бөлүшкөн маалымат жыйын өткөрдү.

Министр Ахмет Арслан, «Канал Стамбул» долбоору тууралуу маалыматтарды түшүндүргөн маалымат жыйынында долбоордун багытынын орто эсеп менен 45 чакырым болгонун айтты.

Мрамор деңизи жана Карадеңизди бириктирген «Канал Стамбул» долбоору үчүн Күчүкчекмеже жээгинде бургулоо иштери башталды.

Бул долбоордун максаты; Босфор кысыгындагы кеме транспортунан келип чыккан жүктү азайтуу, коркунучтуу заттарды ташыган кемелерден келип чыккан рисктерди азайтуу, суу жолу багытында шаар пландоосун да жасап заманбап жашоо аянтын камсыздоо. Айрыкча Стамбулда суу жолу транспортунан келип чыккан Түркиянын стратегиялык абалын жакшыртып, тартуучулугун арттыруу.

Долбоордун алкагында Мрамор деңизине таш толтурулуп жасалма аралдар курулат.

«Канал Стамбул» долбоорунун 2023-жылы бүтүрүлүшү пландалууда.



Тектеш кабарлар