Измирде 49 киши куткарылды

Алар мыйзамсыз жолдор менен Грецияга өтүүгө аракет кылышкан.

889337
Измирде 49 киши куткарылды

Измирдин Мендерес районунун жээгинде, мыйзамсыз жолдор менен Грецияга өтүүгө аракет кылган чет өлкөлүк 49 киши куткарылды.

Жээк коопсуздугу командирлигинин кызматкерлери, мыйзамсыз миграттардын жардамга чакырганы боюнча качкын-көчмөндөрдүн жерин белгилешти.

Деңизден жөнөтүлгөн жээк коопсуздугун сактоочу кызматкерлер да качкын-көчмөндөрдү токтотту.

Резина кайыктагы 16сы Сирия, 13ү Ангола, 5и Мали, 5и Сенагал, 2си Түштүк Африка жана Габон, Гана, Конго, Йемен улутундагылар да арасында болгон адамдар куткарылды.

Чет өлкөлүктөр текшерүүдөн өткөндөн кийин Измирдин Миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар