Эрдоган:«Улуттук коопсуздугубузду коргош үчүн ар түрдүү чараны көрөбүз»

Эрдоган, НАТОнун баш катчысы Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

889809
Эрдоган:«Улуттук коопсуздугубузду коргош үчүн ар түрдүү чараны көрөбүз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, НАТОнун баш катчысы Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Эрдоган, баш катчыга, «Улуттук коопсуздугубузду коргош үчүн ар түрдүү чараны көрөбүз»,-деди.

Президенттик маалымат борборунан  алынган маалыматка караганда ДЕАШ менен күрөшүү боюнча глобалдык коалициянын катчысынын Сириянын түндүгүндө жикчил террор уюму ПКК/ПЙД элементтери менен жалган «Сириянын чек ара коопсуздугу күчү» курала турганы жөнүндөгү маалымдоосуна токтолду.

Президент Эрдоган, мындай түрдөгү жалган күч түзүлүшүнүн эч качан кабыл алынбай турганын баса белгиледи.

Ушундай  түрдөгү аракеттин Сириянын биримдигине жана ырааттуулугуна кызмат кылбай турганын белгилеген президент Эрдоган, айрым шериктештердин террор уюму менен кызматташтык кылууларын түшүнүү мүмкүн болбогонуна көңүл бурду.

Президент Эрдоган, Сириядагы акыркы абалдарга карата Түркиянын эл аралык укуктан келип чыккан укуктарынын алкагында улуттук коопсуздугун коргош үчүн керектүү ар түрдүү чараларды көрө турганын эске салды.

Бул тема тууралуу санааркоолорду түшүнгөндөрүн айткан НАТОнун баш катчысы Столтенберг болсо, Түркиянын өзүн террордук кол салуулардан коргоосунун эң табигый укугу болгонун белгилеп кетти.

Түркиянын НАТО үчүн маанилүү өлкө экенине токтолгон Столтенберг, Сириянын түндүгүндө айтылган түрдөгүдөй жалган күч түзүлүшү жагдайында өздөрү менен кеңешилбегенин түшүндүрдү.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын чек арасынын дароо ары жагында террордук күч түзүмүнүн пайда болушун карап тура албай турганын АКШлык жооптуу кызматкерлерге бардык мүмкүнчүлүктө түшүндүрүүсүн уланта турганын белгилеген сүйлөшүүдө, НАТОнун баш катчысы Столтенбергдин да маселенин чечилиши үчүн шериктештердин арасында ачык диалогдун маанисине токтолгону белгилүү болду.


Этикеткалар: #Эрдоган , #Столтенберг

Тектеш кабарлар