Түрк куралдуу күчтөрү Афринди бомбалады

Хатайдын Сирия чек арасында жайгашкан замбирекчи бөлүктөр ПЙД/ПККнын Африндеги бир топ жайгашкан жерин атты.

887731
Түрк куралдуу күчтөрү Афринди бомбалады

Түркк куралдуу күчтөрү Сириянын Африн шаарындагы террор уюму ПЙД/ПКК жайгашкан жерлерге замбирек огун жаадырды.

Хатайдын Сирия чек арасында жайгашкан замбирекчи бөлүктөр ПЙД/ПККнын Африндеги бир топ жайгашкан жерин атты.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн замбирекчи бөлүктөрү, Хасса жана Кырыкхан райондорунан Африндин Басухан, Жиндере, Мемелан жана Рако аймактарына эң аз 40 жолу залп түрүндө ок атты.

Кечээ түш чендерде президент Режеп Таййип Эрдогандын АК Партиянын Элазыгда кезектеги 6-Облустук конгрессинде Сириядагы террор уюмдары менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрдү айткан убагында Түрк куралдуу күчтөрүнүн замбирекчилери уюмдун Афринде жайгашкан жерлерин аткан.



Тектеш кабарлар