Мардин туризмде эң жогорку чегине жетти
Месопотамиянын бермети Мардинге 2017 - жылы келген турист санында 105 пайыздык артуу болду.
Көп сандаган тарыхый жана маданий байлыгы менен туризмде көзгө көрүнүктүү борбор болуу жолунда бара жаткан Месопотамиянын бермети Мардинге 2017 - жылы келген турист санында андан мурунку жылга салыштырмалуу 105 пайыздык артуу болду.
Мечиттери, медреселери, чиркөөлөрү жана таштан курулган үйлөрү менен конкоторун тосуп алган жана 2016 - жылы 5 миңи чет элдик болгон 113 миң туристти конок кылган шаарга 2017 - жылы 20 миңи чет элдик болгон 232 миң киши келди. Ушундайча өткөн жылы андан мурунку жылга караганда келген турист санында 105 пайыздык артуу болуп, чет элдик туристтерде болсо 400 пайызга жетти.
Мардин туризм жана отелдер коомунун төрагасы Өзгүр Азад Гүнгөр шаардын өткөн жыл туризмде жылдызы жанган жыл болгондугун айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.