Түркиядан АКШга бара турган түрк жарандарына саякат эскертүүсү...

Түркия өз жарандарын дагы бир жолу эскертти.

886831
Түркиядан АКШга бара турган түрк жарандарына саякат эскертүүсү...

Тышкы иштер министрлиги, АКШга саякат кыла турган түрк жарандарын бул өлкөдө болуп жаткан террордук, күч колдонулган окуялар жана мыйзамсыз камакка алуулар боюнча эскертти.

Министрликтин жаңылаган саякат эскертүүсүндө, АКШда болуп жаткан террордук кол салуулар жана күч колдонулган окуяларда акыркы мезгилдерде өсүү болгондугунун байкалганы белгиленип, бомбалуу же куралдуу террордук кол салуулар менен бирге, унаалар элди көздөй айдалып ишке ашырылган кол салуулардын, шаардын борборлорун жана маданий иш-чаралар өтүүчү жайларды, метро станцияларын, коомдук жайларды, ибадатканаларды ал эмес студенттик кампустарды бутага алуусун улантышы мүмкүн экени айтылды.

Билдирүүдө: «Өзгөчө расмий кызмат менен АКШга саякат кылган кызматкерлерибиз менен бирге түрк жарандары, аныкталбаган булактардын маалыматтары боюнча мыйзамсыз камакка алууларга дуушар болуп жатышат, жарандарыбызга карай доо коюуларда, Фетуллахчы террор уюмуна мүчө күбөлөрдүн буга чейин пландаган айтымдары жана жалаа жабууларынын себебинен жарандарыбыз тууралуу адилетсиз өкүмдөр чыгарылып жатат»,-делди.



Тектеш кабарлар