Түркиянын танкасына кызыккандар көп

«Алтай» танкасынын бардык бөлүктөрү Түркияда чыгарылат.

885590
Түркиянын танкасына кызыккандар көп

Улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли, «Алтай» танкасына чет өлкөдөгү рыноктордо талап көп болуп жатканын айтты.

Жаникли Түркия Улуу Улуттук Парламентинде, «Алтай» танкасынын мотору менен бирге бардык бөлүктөрүнүн Түркияда жасалганын белгилеп: «Сериалуу өндүрүүгө 2019-жылдын аягында, 2020-жылдын башында өтөбүз»,-деди.

«Алтай» танкасынын чет өлкөгө сатылышына байланыштуу соодалашуунун азыртадан башталганын айткан Жаникли, буга талап көп болуп жатканын да белгиледи.

Улуттук коргоо министри, «Алтай» танкасынын дүйнөдөгү эң мыкты технологиялардын бири экенин кошумчалады.



Тектеш кабарлар