Түркиянын эң ири парому
Сыноо каттамы ийгиликтүү ишке ашты.
885085
Түркиянын эң ири парому «Султан Алпарслан» жүгү менен биринчи сапарын Ван көлүндө ийгиликтүү ишке ашырды.
Битлистин Татван районунда 7 жылдан бери курулуп жаткан паромдун узундугу 136 жарым метр жана туурасы 24 метр.
350 жүргүнчү жана 4 миң тонна жүк ташый алган «Султан Алпарслан», бул тармакта Түркиянын эң ири парому болот.
Ван көлү аркылуу Түркия-Иран транзиттик темир жол байланышында колдонула турган паром 50 вагондуу.
Сыноо каттамы ийгиликтүү ишке ашкан паром жакынкы мезгилде кызмат көрсөтө баштайт.