Түркия Европанын 4 өлкөсүндөгү исламофобиялык окуяларды иликтейт

Түркия Улуттук Парламенти  Германия, Бельгия, Австрия жана Францияда исламофобиялык окуяларды изилдей турган бир комиссия түздү.

884406
Түркия Европанын 4 өлкөсүндөгү исламофобиялык окуяларды иликтейт

Борбору Бельгия болгон Белга маалымат агенттигинин маалыматына ылайык Түркия Улуттук Парламенти  Германия, Бельгия, Австрия жана Францияда исламофобиялык окуяларды изилдей турган бир комиссия түздү.

Комиссиядагы депутаттардын иштеринин негизинде исламофобиянын дагы да белгилүү болгондугун ойлогон бул төрт Европа өлкөсүнө көңүл бурат. Комиссиянын  бул өлкөлөрдөн уруксат алып ордунда иликтөө жүргүзүүнү пландагандыгы белгиленүүдө.

Белганын кабарында Түркия Улуттук Парламентинин бул инциативинин  Австрияда жогорулап бара жаткан расистик сөздөргө берилген жооп  экендиги айтылууда.

Расистик сөздөр өлкөнүн борбор шаары Венада жаңы жылда төрөлгөн биринчи бөбөктүн түрк экендиги ортого чыгышы менен  күч алды.  Бир тараптан Австрия исламга каршы сөздөрү менен биринчи жолу күн тартибине келип жаткан жок.  Австралиялык саясатчылар өткөн жылы өлкөдөгү мусулман бала бакчаларынын жабылышын сунуш кылган болчу. Бул сунушту  ортого салган Австриянын премьер  - министри Себастьян Курз Түркиянын Европа биримдигинде орун албагандыгын да айткан болчу.

 

 



Тектеш кабарлар