Ибрахим Калын Иран, Ирак, Сирия жана С-400 жөнүндө маалымат берди

Президенттиктин комплексинде журналисттерге маалымат берди.

881802
Ибрахим Калын Иран, Ирак, Сирия жана С-400 жөнүндө маалымат берди

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Иран, Ирак, Сириядагы кырдаал, Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларынын алынышы темаларында маалымат берди.

Президенттиктин комплексинде журналисттерге маалымат берген Калын, Иранда 2017-жылдын 28-декабрында экономикалык себептерден улам башталып режимге каршы митингдерге айланган нааразылык акцияларынын себебинен бул өлкөгө тышкы кийлигишүүлөргө каршы экендиктерин айтты.

Митингдердин тышкы байланыштарына көңүл бурган Калын: «Кимдир бирөөлөр Иранды сырттан баш аламан кылууга аракет кылып жатса, мунун ишке ашпаары белгилүү. Ирандык жооптуу кызматкерлер да абалга үстөмдүк кылгандарын айтышты. Маселенин эң кыска убакыттын ичинде чечилээрин күтүп жатабыз. Ирандын тынчтык жана ырааттуулугунун камсыздалышы биз үчүн өтө маанилүү»,-деди.

Ирактын түндүгүндө түркмөндөргө карай кол салууларга да токтолгон Калын: «Ирактан күтүүбүз, Ирак өкмөтүнүн бул кол салууларга байланыштуу дароо териштирүү баштатуусу жана кол салуулардын алдын алынышы үчүн керектүү чараларды көрүүсү»,-деп айтты.

Орусиянын Сочи шаарында өтө турган Сирия Улуттук диалог сүйлөшүүлөрү тууралуу да сөз сүйлөгөн Калын: «Сочидеги жыйынга жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ катышпайт. Бул жалгыз гана биз каалаган үчүн эмес, конгресстин туура чечимдерди чыгара алуусу жагынан да маанилүү. Орусия менен Ирандын бул абалды бөлүшкөн болушу ыраазы кылуучу. Сирия күрттөрүн ПЙД же ЙПГ өкүлдүк кыла албайт»,-деди.

Орусиядан сатып алына турган абадан коргонуу системалары темасына да токтолгон Калын: «С-400 толук система болуп саналат. Түркияга орус аскерлеринин жайгаштырылышы мүмкүн эмес, бирок техникалык кызматташуу жагынан албетте сүйлөшүүлөр болот. Биздин аскерлерибиз, техниктерибиз Орусияга барат, алардын техниктери бизге келет»,-деп айтты.

НАТО өлкөлөрүнүн курал сатуу темасында Түркияга жабык эмбарго койгондорун баса белгилеген Калын: «Биз НАТОдо шектиктешпиз жана стратегиялык өнөктөшпүз дейбиз бирок технологиялык бөлүшүүдө, орчундуу темаларда ар кандай мамилелер жасалууда. Бул жерде биз өз улуттук кызыкчылыктарыбызды алдыңкы планга коюшубуз керек. С-400 Түркиянын чек араларын, шаарларын коргош үчүн курулган система болуп эсептелет. Бул Түркияга карай ыктымалдуу кол салууларга каршы коргонуу системасы болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар