АКШнын соту ишенимдүүлүгүн жоготту

Тышкы иштер министрлиги, АКШда адилетисз түрдө кармалып сот алдына чыгарылган Халкбанктын башкы директорунун орун басары Хакан Атилланын доосунун укуктук негизге таянбаганын билдирди.

881781
АКШнын соту ишенимдүүлүгүн жоготту

Түркия, жасалма жана саясий бузукулукка ачык АКШ сотунун олуттуулугун жана ишенимдүүлүгүн жоготконун жарыялады.

Тышкы иштер министрлиги, АКШда адилетисз түрдө кармалып сот алдына чыгарылган Халкбанктын башкы директорунун орун басары Хакан Атилланын доосунун укуктук негизге таянбаганын билдирди.

Анда, «Нью-Йорктун Түштүк аймагынын прокуратурасы тарабынан даярдалган айыптоо тыянагына таянган доодо Халкбанктын башкы директорунун орун басары Хакан Атилланын жюри тарабынан алты айыптоодон бешөө боюнча күнөөлүү деп табылышы адилетсиз жана бактысыз абал»,делди.

Билдирүүдө, «АКШнын соту жасалма жана саясий бузукулукка ачык жасалма далилдерге таянып ишке ашырылган жана Түркиянын ички маселелери чындыкка жатпаган пландардын негизинде талкууга алынган процессте, мындан мурда окшошу кездешилбеген түрдө Түркиянын ички иштерине кийлигишти»,деген сүйлөмгө орун берилди.

Билдирүүдө айрыкча, АКШ тарабынан материалдык жана логистикалык колдоо көрсөтүү аркылуу айрым Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) мүчөлөрүнүн сот процессине таасир тийгизе турган чындыкка жатпаган айтымдарды берүүсүнө жана жасалма далилдерди сунуштоосуна мүмкүнчүлүк берилишинин, сот пооцессинин олуттулугун жана ишенимдүүлүгүн жок кылганы баса белгиленди.

Тышкы иштер министрлиги бул абалы менен укуктук айыпка айланган токтомдун оңдолушу керектигин белгилеп кетти.                                     



Тектеш кабарлар